Ошто каракчылыкка шектелген 5 адам кармалды, арасында 18 жашка чыга электер да бар

Ошто каракчылыкка шектелген 5 адам кармалды, арасында 18 жашка чыга электер да бар. Бул тууралуу 24-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 23-декабрь күнү саат 17:30 чамасында Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жарандын үйүнө белгисиз адамдардын тобу кирип, аны бычак такап коркутушкан. Ошону менен бирге үйүнѳн 1500 АКШ долларын, кымбат баалуу уюлдук телефонун, 13 миң сом акчасын, баасы 3500 сомдук күрмөсүн жана башка буюмдарын карактап кетишкен.

Факт боюнча иш козголуп, жүргүзүлгѳн ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында 24-декабрга караган түнү бул кылмышка тиешеси бар делген шек менен Ош шаарынын жана Ош облусунун 5 жашоочусу кармалды (2 эркек, 3 аял). Алардын арасында жашы 18ге толо электер дагы бар. Алардан жабырлануучунун үйүнѳн жоголгон айрым далил буюмдар алынып, учурда тергѳѳ иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
NURSAPAR
2018-12-24 20:46:06
Бешиктен бели чыга электер го... Аттиңңңң..... Адамдардын пейли кайда баратат.
0
Fanatic
2018-12-25 00:58:37
Айланайын деги жаштар эмне болуп баратат
0
Fanatic
2018-12-25 00:59:52
Кинодон корушуп эле биз да кылсак болот экендаа деп жатышабы не балеелер болуп баратат
0
Rifle_I
2018-12-25 01:59:44
Молодцы, этим вы угробили свое светлое будущее.!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан