"Орусия менен АКШнын ортосундагы куралдуу кагылышуу адамзат үчүн катастрофага барабар болот". Мындай пикирин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров акыркы маектеринин биринде айткан.
Лавров учурда эки мамлекет тең өзөктүк куралдарга ээ экенин кошумчалаган.
Журналист Лавровдон "Орусия менен АКШнын, Орусия менен НАТОнун ортосундагы куралдуу кагылышуу кандай жыйынтыкка алып барышы мүмкүн" деп сураган.
"Менимче, бүткүл дүйнө өзөктүк державага айланган Орусия менен АКШнын куралдуу кагылышуусу адамзат үчүн катастрофага барабар экенин билип турат. Өзөктүк согушта эч ким жеңүүчү болбойт", - деген Лавров.
Көптөн бери Орусия менен АКШ экономикалык жана саясий жактан тирешип келет.