"Жылдын супер клиби жана супер дуэти-2018" наамынын жеңүүчүсү Мирбек Атабеков: "Эч кимди мага добуш берүүгө үгүттөгөн жокмун. Эл өзү тандаса гана калыстык болот"
"Супер тандоонун" "Жылдын супер дуэти" жана "Жылдын супер клиби" номинацияларын репертуарындагы ар бири ыры хит болгон, чыгармачылыгында байма-бай жаңылыктар болуп турган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жеңип алды. "Жылдын суперлерин" сыйлоо аземинде "Жылдын мыкты клиби" аталган "Мурас" ыры жаңырганда көрүүчүлөрдө патриоттук сезимдер ойгонуп, колдоого ээ болду. Ал эми ырчы мырза быйылкы жыл тандоосу боюнча өз ою менен бөлүштү:
"Чындыгында эки статуэтканын ээси болом деп күткөн эмесмин. Абдан кубанып турам. Добуш берген ар бир күйөрманыма терең ыраазычылык. Өзүмө-өзүм добуш берген жокмун жана мага добуш бергиле деп үгүттөгөн жокмун. Себеби бул туура эмес деп ойлойм. Эл тандаса гана калыстык болот", - деди Атабеков.
"Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы уюштурган добуш берүүнүн жыйынтыгында Мирбек Атабеков менен Алтынай Нарбаеванын "Мен сени сүйөм, өмүр" аттуу ыры "Жылдын супер дуэти-2018" наамына да ээ болду.