Индонезиядагы цунамиден каза болгондордун саны 370тен ашып, 1400 адам жаракат алды

Индонезияда 23-декабрда болгон цунамиден каза болгондордун саны 370тен ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Кырсыктан 1400 киши жаракат алып, дагы 120 адам дайынсыз болууда. Индонезиянын президенти Жоко Видодо кырсыктан аман калгандарды сабырдуу болууга чакырды.

"Мен курмандыктарга алып келген табигый кырсыкка байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кырсыктан аман калгандарды сабырдуу болууга чакырам. Азыркы учурда ар бир адам сак жана сергек болушу шарт. Биз элди көчүрүү иштерин улантып, каза болгондорду алып чыгып жатабыз. Жаракат алып ооруканага жеткирилгендерге жардам көрсөтүлүүдө", - деди президент.

Цунамиден улам жүздөгөн үйлөр, мейманканалар, имараттар талкаланды, 12 миңге жакын адам жашаган жеринен көчүүгө мажбур болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан