Түтүкчө менен дем алган 8 айлык Муслимага жардам иретинде Орусиядагы мекендештер тарабынан 190 миң рубль акча чогултулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашты.
Маалым болгондой, өткөн апта соңунда Муслиманын банктык эсебине акча которуу токтотулуп, учурда атасы Тынарбек Адылбеков аны Москва шаарындагы ооруканалардын биринде операция жасатууга даярдык көрүү иштери менен алек болууда.
Тынарбек Адылбековдун айтымында, Муслиманын жаңы төрөлгөн кезинде дем алуусу начарлап эки жолу операция жасалып түтүкчөнүн жардамы менен дем алып келүүдө. Азыр үчүнчү жолу операция жасатуу алдында турат. Муслиманы бир жолку текшертүүгө 84 миң рубль, операцияга 130 миң рубль каражат керек. Мындан сырткары күнүмдүк керектөөлөргө 2000 рублдай каражат зарыл болууда.