Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШнын лидери Дональд Трампты Анкарага чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Эрдоган мындай сунушту 14-декабрда Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда айткан.
"АКШнын президенттик администрациясы аталган маалыматты тастыктады. Бирок Трамптын сапары качан жана кандай тартипте өтөрү аныктала элек. Телефон сүйлөшүүдө күрддөрдүн маселеси да талкууланган", - деп айтылат маалыматта.
Трамптын сапары 2019-жылга туура келери айтылууда. АКШ менен Түркия бир нече жылдардан бери экономикалык жактан тирешип келет.