АКШнын Нью-Жерси штатындагы башталгыч мектептин мугалими 1-класстын окуучусуна "Санта-Клаус жок" деп айтканы үчүн жумушунан кол жууп калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, мындан тышкары ал мугалим балдарга алардын ишениминде болуп келе жаткан бир катар уламыштардагы каармандардын да жашоодо жок экендигин айтып берген. Мугалими "Санта-Клаус жок" деп айткан окуучунун ата-энеси мектепке келип, баласынын балалыктагы кыялдарын талкалап жатат деген жүйөө менен арызданышкан.
"Аларды башталгыч мектептин жетекчиси тосуп алып, ал мугалим мындан ары иштебей турганын билдирген. Анын балдарга мындай маалыматтарды берип жүргөнүн байкаган жетекчи жумуштан алууну чечкен. Андан соң мектеп директору Монтвила Рене Ровтар өзүнүн Санта-Клаус менен түшкөн сүрөтүн интернетке жарыялап, "Мен ишенем" деген билдирүүсүн жарыялаган", - деп жазылат маалыматта.