Кыргыз жеринде акыркы учурда балдардын зордук-зомбулукка кабылып каза болгону тууралуу фактылар көп болууда. Буга байланыштуу коомчулукта балдарды коргоо чакырыктары күчөдү. Балдардын дээрлик баары ур-токмоктон каза болгон жана ата-энеси башка жакта иштегени үчүн туугандарынын көзөмөлүндө калган. Болгону бир ай аралыгындагы окуялар жана ага өкмөттүн мамилеси жарандык коомдо кыжырданууну жаратууда. Мындайда коомчулук өкмөттө чукул жыйын өтүп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланышын күтөт. Бирок маселе бийликтин деңгээлиндеги актуалдуу маселе катары карала элек.
SUPER.KG порталынын "Балдарга карата зордук-зомбулукту өкмөт эмнеге токтото албай жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз жооп берди.
Ал өкмөт жасап жаткан иш-чаралар жетишсиз болуп жатат деген пикирин айтты.
"Мурун мындай көрүнүштөр жаап-жашырылып келген. Азыр маалымат булактары көбөйүп эмне болуп жатканы айтылып, негизгиси коом мындай нерсе туура эмес экенин сезип, билип жатат. Маселе канчалык көп болуп жатса, ал тууралуу маалымат телеканалдар аркылуу, ММК аркылуу элге жайылышы керек. Тийиштүү министрликтер менен балдарга байланыштуу маселе комитетте көтөрүлөт, бирок аны аткаруу бюджетке келип такалса керек. Азыр коом да өзгөрүп, жаңы нукка кирип жатат. Биз эски механизм менен иштеп калганбыз. Алдын ала билүү мүмкүнчүлүгүн түзө турган механизм менен иштешибиз керек. Чет өлкөгө кеткен ата-энелердин балдары бар. Аларды чоң эне, чоң атасы канчалык жакшы көрбөсүн бала психологиялык жактан жапа чегет. Балдарга карата зомбулуктун тамыры өтө терең. Ошондуктан социалдык институттар иштеши керек", - деди депутат.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Айнуру Алтыбаева, акыйкатчы Токон Мамытов, журналист Махинур Ниязова, эксперт Бурул Макенбаева, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиздин пикири бул шилтемеде.