Кыргыз жеринде акыркы учурда балдардын зордук-зомбулукка кабылып каза болгону тууралуу фактылар көп болууда. Буга байланыштуу коомчулукта балдарды коргоо чакырыктары күчөдү. Балдардын дээрлик баары ур-токмоктон каза болгон жана ата-энеси башка жакта иштегени үчүн туугандарынын көзөмөлүндө калган. Болгону бир ай аралыгындагы окуялар жана ага өкмөттүн мамилеси жарандык коомдо кыжырданууну жаратууда. Мындайда коомчулук өкмөттө чукул жыйын өтүп, көйгөйдү чечүү жолдору талкууланышын күтөт. Бирок маселе бийликтин деңгээлиндеги актуалдуу маселе катары карала элек.
SUPER.KG порталынын "Балдарга карата зордук-зомбулукту өкмөт эмнеге токтото албай жатат?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.
Ал бир күндүк максаттар менен бул маселе чечилбей турганын айтты.
“Бала бакчаларда, мектептерде агартуу иштерин жүргүзүп, билим берүүнүн сапатын көтөрүү керек. “Коопсуз шаар” долбоорун дагы тез арада ишке ашыруу зарыл. Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу керек. Ал үчүн эксперттердин катышуусунда конференция өткөрүп, башка мамлекеттерде балдардын укугу кантип корголуп жатканын карап көрүү шарт. Илимдүү адамдар, эксперттер балдардын укугу боюнча программаларды иштеп чыгып, көп жактуу иштер жүргүзүлүшү керек. Ошол эле учурда токтом чыгарып аялдар балдарын таштап чет мамлекеттерге барып иштебеши керек деген болбойт. Алар жыргаганынан мигрант болуп кетип жаткан жок, бул жактан жумуш таба албай ошол жакка кетип жатат. Ошону менен катар эле үй-бүлө курууну пландоо керек. Балдардын ден соолугу жакшы төрөлүүсү үчүн дарыгерлерге көрүнүп туруу зарыл”, - дейт Ошурахунова.
Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Дастан Бекешев, Садык Шер-Нияз, акыйкатчы Токон Мамытов, журналист Махинур Ниязова, эксперт Бурул Макенбаева жана саясий илимдердин доктору, юрист Канатбек Азиздин пикири бул шилтемеде.