Заманыбыздын белгилүү ырчысы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков "Сүйөм сени" аттуу ырына кыргыз шоу-бизнесинде алгачкылардан болуп анимациялык клип тартып, жыл жаңырарга жакын күйөрмандарына белек катары тартуулады. Бул клиби тууралуу ырчы мырза төмөнкүлөргө токтолду:
"Жаңы клибимдин башка клиптерден негизги айырмачылыгы - анын анимациялык экендигинде. Айта кетчү маанилүү нерсе, бул клипти кыргыз жигиттери тартышты. Аларга абдан ыраазымын. Себеби 3 мүнөттүк клипке 3-4 айлык убактысын кетиришти.
Кыргыз элинин баалуулуктары болгон боз үй, комузду жана жерибиздин кооздугун сүйүү темасы менен айкалыштырып заманбап анимациялык клип тарттык. Андан сырткары бул клиптен жубайым Мээрим (ред. Төлепберген) экөөбүздү да көрө аласыздар. Клип тартууга көп убакыт жана каражат талап кылынды. Андыктан бизди колдогон демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем", - дейт Атабеков.