25-декабрда көпчүлүк өлкөлөр Рождество майрамын майрамдашты. Майрамдык маанай менен социалдык тармактарда белгилүү спортчулардын, тагыраагы, футболчулардын жеке баракчаларына жүктөгөн сүрөттөрү колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратууда.
Алсак, экс-футболчу
Дэвид Бехкэм бугунун мүйүзүн башына таккан сүрөтүн социалдык тармакка жүктөөр замат аз убакыттын ичинде тездик менен тарап кеткен.

"Ювентус" жана Португалия курамасынын оюнчусу Криштиану Роналду Рождество майрамын үй-бүлөсү менен өткөргөндүгү белгилүү болду. Сүрөттө алар Санта Клаустун баш кийимдерин кийип түшүшкөн.
"Нью-Йорк Сити" курама командасынын оюнчусу
Давид Вильянын үй-бүлөсү аталган майрамда окшош кийимдерди кийишкен.

Өзгөчө сүрөтү менен Италия курамасынын оюнчусу жана "Зенит" курама командасынын мурунку капитаны Доменико Кришито бөлүшкөн.

Сүрөттөр топтомуна футбол жылдызы Мессини кошпосок болбойт. Ал үй-бүлөсү менен пижама кийип түшкөнү миллиндогон "жактыны" топтогон.
