Кытайдын бийлиги көчөлөрдө сойкулук кылган жана сойкулардын кызматынан пайдалангандар үчүн жазаны алып салууну пландап жатат. Мындай маалыматты "China Daily" басылмасы жазды.
Басылма бул маалыматты Бүткүл Кытай чогулушундагы юридикалык маселелер боюнча туруктуу комитеттин жасаган докладына таянып жазып чыккан. Докладда жазылгандай, тиешелүү мамлекеттик кызматтар улуттук мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн жакынкы аралыкта программа иштеп чыкмакчы.
"Азыркы тартип Конституциядагы адам укуктарын жана эркиндигин коргоо тууралуу жазылган бөлүктүн айрым пункттарына карама-каршы келет. Жаңы мыйзам бул маселени жоюуга жардам берет", - деп жазылат докладда. Кытайда эки айда бир өтүп туруучу Бүткүл Кытай сессиясында ушул аптанын аягында аталган маселе каралмакчы.
Маалымат үчүн:
1990-жылы Кытайдын мамлекеттик кеңеши тарабынан кабыл алынган мыйзамга ылайык, сойкулук менен алектенген жана сойкулардын кызматынан пайдаланган жарандар үчүн 6 айдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Муну менен катар бул кылмышы боюнча айыбы ачылгандар тарбиялоочу лагерлерде кармалып, курстардан өтүп келген.