UFC уюмунун мушкери Алекс Оливейра кол гранатасынын жарылуусунан аман калды

UFC уюмунун мушкери Алекс Оливейра кол гранатасынын жарылуусунан аман калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Алекс Оливейра Бразилиянын Трес Риос шаарында жаңжалга аралашып калган.

"Оливейра унаасы менен май куюучу жайга баратып анын тууганы бирөөлөр менен урушуп жатканын көрүп калган. Белгисиз адамдар Оливейранын тууганына тапанча такап коркутуп жатышкан. Оливейра жардам берүү үчүн унаадан түшкөндө ал тарапка кол гранатасы ыргытылган. Граната мушкерге жакын жерде жарылып, гранатанын бөлүкчөлөрү Оливейранын бутуна кирип кеткен. Мушкер дароо ооруканага, андан соң полиция мекемесине жеткирилген", - деп жазылат маалыматта.

Алекс Оливейра ММА эрежеси боюнча 25 беттеш өткөрүп, анын ичинде 18 жеңиш, 6 жеңилүү жана 1 беттеште тең чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан