Бүгүн, 26-декабрда парламенттин жалпы жыйыны башталар алдында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев кайрылуу жасоо үчүн 10 мүнөт убакыт сурады.
Ал Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык жыйында Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу сөз козголгонун эске салды. Ошондой эле депутат сөзүн Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жыл да эрте болорун билдирди.
"Биз Конституцияны өзгөртүүдөн мурда "жөлөк пул, пенсия алуучулар жашоого жетиштүү жардам алып жатабы?" деген суроолорго кайрылышыбыз керек. Бүгүнкү күндө балдардын 600 миңи бала бакчаларга бара алышпай жатат. Баш мыйзамды өзгөртүүнүн ордуна экономиканы көтөрүп, саясий маданиятуулукту өзгөртпөйлүбү? 2020-жылы деле Баш мыйзамды өзгөртүүгө убакыт эрте, ага 2025-жылы деле кайрылсак болот. 2025-жылга чейин толук түрдө парламенттик өлкөгө айланабыз. Ал үчүн элдин үнү да маанилүү. Өлкөнүн келечегин терең ойлонуп, кадамдарга барышыбыз керек", - деди Төрөбаев.
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин 80 жылдыгына арналган жыйында Баш мыйзамды өзгөртүүгө 2020-жылы кайрылуу болорун айткан.
"Баш мыйзамды, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, Курултай институтун киргизүү талаптары коюлууда. Конституцияга 25 жыл ичинде 10 жолу өзгөртүлдү. 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деп добуш берилген. Бирок ага карабай, аны бузуу менен 2016-жылы дагы бир жолу өзгөртүлдү. Ошондуктан элдин эркин сыйлоо менен 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө муктаждык жок деп эсептейм", - деген өлкө башчы.