23-декабрда өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек болочоктогу жолдошу Испания өлкөсүнөн учуп келгенин маалымдаган эле. Ал эми 26-декабрда алар үй-бүлө деген макамды алышты. Тагыраагы, алар бүгүн нике кыйдырышты. Гүлзат айымга байланышканыбызда, төмөндөгүлөрдү айтып өттү:
"Ооба, бүгүн молдону ээрчитип келип никебизди кыйдырдык. Жакшы молдо экен. Буга чейин башка молдолор мусулман эмес экен деп нике окуп бербей коюшкан эле. Хуан мага үйлөнүү үчүн баарына даяр болду. Алдыда көптөгөн пландар бар. Тасма тартуу, тасманын артынан Голливудга, "Оскарга" жана кызыл килемге баруу негизги максатыбыз. Ал эми бүгүн биздин алгачкы үй-бүлөлүк жашообуз башталды. Жолдошума Кыргыз өлкөсү абдан жагып жатат", - дейт Гүлзат Мамытбек.