АКШдагы мамлекеттик мекемелердин төрттөн бир бөлүгү ишин убактылуу токтотту. Учурда анда эмгектенген 800 миңден ашык кызматкердин жарымынан көбү айлыксыз ишин улантууда.
Эми бул маселе Конгрессте Рождество майрамынан кийин гана каралат.
Президент Мексика менен чек арага дубал тургузуу иштеринин алгачкы баскычына 5,7 миллиард доллар сураган. Анын айтымында, дубал мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө жардам берет.
Шайлоо учурунда Трамп дубалды курууга кетүүчү каражатты Мексика төлөй турганын убадалаган. Долбоордун жалпы суммасы 20 миллиард доллардан ашуусу мүмкүн.
Трамптын Мексика менен чек арада дубал курулушун каржылоо боюнча мыйзам долбоорун өкүлдөр палатасы колдоп берген, бирок сенаттагы демократтар каршы болууда.