
Японияда эки кылмышкер өлүм жазасына тартылды. Мындай маалыматты жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянып жазды.
Өлүм жазасы бүгүн, 27-декабрдын таңында Япониянын юстиция министри Такаси Ямаситанын буйругу менен ишке ашкан. Аталган өлкөдө акыркы жолку өлүм жазасына тартуу ушул жылдын июль айында орун алган. Анда "Аум Синрикё" тыюу салынган уюмдун 6 мүчөсү дарга асылган.
Учурда Японияда жүздөгөн адамдар өлүм жазасына тартылуу алдында турушат. Тартип боюнча өлүм жазасы дарга асуу менен ишке ашат. Бирок кылмышкерлерге соттун чечими чыккандан кийин дароо эмес, бир нече жылдан кийин асылышат.
Эл аралык укук коргоочу уюмдар Япония бийлигине өлүм жазасын алып салууну сунуштап келишет. "Өлүм жазасы гумандуулукка жатпайт. Соттолгондор өз өлүмүн жылдап күтүп жашашат, бирок өлөрүн дарга асуу күнү таңда гана билет", - деп сындашат эл аралык укук коргоочу уюмдар. Ал эми Япония бийлиги мындай сынга "башка өлкөлөрдөгүдөй болуп Японияда кылмышкерди кылмыш жасалган жерден атып өлтүрүп салбайт" деп жооп кайтарган.