Саясатчылар Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков жана Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана "Апрель" телеканалын сотко берип, 18 миллион сом талап кылышууда. Бул тууралуу маалыматты КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тастыктады.
Анын айтымында, экс-президенттин атына соттон билдирүү келе элек.
"Биз бул тууралуу "Апрель" телеканалына келген билдирүүдөн билдик. Экс-президенттин атына соттон эч кандай кат келген жок. Саясатчылардын ар бири Алмазбек Атамбаевден жана "Апрель" телеканалынан 3 миллион сомдон талап кылып жатышат. Жалпы сумма 18 миллион сомду түзөт", - деди Жолдубаева.
"Апрель" телеканалынын директору Дмитрий Ложников экс-президент менен болгон маекте айтылган маалыматтар төгүнгө чыгарылбай, аларды сотко берген саясатчылар менен соттошууга даяр экени маалым болду.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген интервьюсунда Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев өлкөдөгү ыңкылыптардан пайда көрүүнү эңсеп турганын жана Ахматбек Келдибековдун коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин белгилеген. Экс-президенттин маеги бул шилтемеде.