Иса Өмүркулов Бишкектеги Арсен Өмүралиев атындагы театрдын оңдоп-түзө иштери менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Арсен Өмүралиев атындагы драма театрга барып, ал жерде эмгектенген актёрлор менен жолугушту. Шаар мэри ал жерде жүрүп жаткан оңдоо иштери менен таанышып, театр кызматкерлери менен пикир алышты. Актёрлор театрды оңдоп-түзөө иштерине жардам көрсөткөнү үчүн шаар башчысына ыраазычылык билдирип, жакында болчу репетицияга сыйлуу конок катары келип кетүүсүн суранышты. Иса Өмүркулов: “Бул театр - биз жана биздин шаар үчүн чоң байлык. Муну сакташыбыз керек”,- деди. Белгилей кетсек, аталган театрды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иши декабрь айында аяктамакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан