Бүгүн, 27-декабрда парламенттин жалпы жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева шайланды.
Касымалиева ишенип берилген милдетти актоого аракет кыларын билдирди.
"Кыргыз мамлекетинин өнүгүшү, кыргыз элинин бакубат жашоосу - баарыбыздын максатыбыз. Ушул ыйык трибунада туруп Кыргыз мамлекетинин ишмери Султан Ибраимовдун сөзү эске келет. Ал "эмгек элде калат!" деп айткан. Мага ишенип берилген милдетти актоого сөз берем", - деди вице-спикер.