Экс-депутат Камчыбек Ташиев: "Президенттик аппараттын кийлигишүүсүнө мүмкүнчүлүк берген коркок депутаттар гана күнөөлүү"

Жогорку Кеңештин депутаттары "президенттик аппарат ишибизге кийлигишип, кысым кылып жатат" деп айтып нааразы болушууда. Алгач депутат Эльвира Сурабалдиева президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев коркутканын айтып чыкты. Бүгүн, 27-декабрдагы парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев да "президенттик аппарат агитация кылбасын, тоскоолдук кылбасын" деп нааразычылык билдирди.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деп экинчи эл өкүлү айтып чыкты. Парламентаризмди курууда мындай аракеттер кандай жыйынтыкка алып барат? деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев жооп берди.

Ал президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишпей көз салып турса болот деген пикирде.

"Негизинен көзөмөл кылбастан көз салып, байкап турса болот деп эсептейм. Кайсы мыйзамды кандай тартипте кабыл алуу керектиги жеке Жогорку Кеңештин депутаттарынын гана ишмердиги болуп саналат. Башка мамлекеттик органдын кийлигишүүсүнө мыйзам тыюу салат. Кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк берген коркок депутаттар гана күнөөлүү", - деди Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясат таануучулар Эмил Жураев, Марс Сариев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан