Жогорку Кеңештин депутаттары "президенттик аппарат ишибизге кийлигишип, кысым кылып жатат" деп айтып нааразы болушууда. Алгач депутат Эльвира Сурабалдиева президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев коркутканын айтып чыкты. Бүгүн, 27-декабрдагы парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев да "президенттик аппарат агитация кылбасын, тоскоолдук кылбасын" деп нааразычылык билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Президенттик аппарат депутаттардын ишине кийлигишип жатат" деп экинчи эл өкүлү айтып чыкты. Парламентаризмди курууда мындай аракеттер кандай жыйынтыкка алып барат? деген соболуна саясат таануучу Эмил Жураев жооп берди.
Ал парламент өз укугун өзү коргошу керек деген пикирде.
“Парламентаризм курууда биздин өлкөдө толгон-токой бут тосуулар болуп келүүдө. Парламентаризмдин эң негизги белгиси – бул парламенттин өз алдынчалыгы. Депутаттар чечим кабыл алууда башка бийлик бутагынын таасири болбошу керек. Албетте консультациялык негизде, мыйзам чегинде болсо туура эле. Буга чейин да аткаруу бийлигинин, президенттик аппараттын парламенттин ишине кийлигишүүсү, таасири айтылып келген. Депутаттардын мындай маселелерди ачык айтып чыгуусу жакшы эле көрүнүш, бирок алар парламент катары өздөрүнүн укугун өздөрү коргошу керек. Депутаттардын башкалардын кысым жасашына жол берүүсү - парламентаризмдин негизги маселеси”, - деди Жураев.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Камчыбек Ташиев, Равшан Жээнбеков, саясат таануучу Марс Сариев, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаевдин жообу бул шилтемеде.