КҮНСЕРЕП: Атамбаевдик бийлик 5 жылда... Жээнбековдук бийлик 1 жылда ажыдаарга айланабы?

Бүгүн, 27-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев оппозициялык “Апрель” телеканалын сотко берди. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна доо арызды жазууга аталган телеканалда көрсөтүлгөн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрдагы маеги негиз болууда. Доогерлер экс-президент тарабынан өздөрүнө карата такай кемсинткен жана ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, чындыкка туура келбеген маалыматтардын жарыяланышына жана анын элге таратылышына нааразы. Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаев ар бири 6 миллион сомдон “Апрель” телеканалынан жана Атамбаевден, жалпы 18 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылышкан.

Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов жогорудагы үч саясатчынын оппозициялык телеканалды сотко берүүсүн катуу сынга алды. “Бул сөз эркиндигине тымызын бут тосуу аракети болушу мүмкүн”, - дейт ал. Анын айтымында, Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаевге “Апрель” телеканалын жаптыргыла деген жогору жактан тапшырма түшкөн болушу ыктымал. "Ушундай жол менен бир нече жалпыга маалымдоо каражаттары жабылган. Мисалы, "Заноза" сайты сот канааттандырган ири көлөмдөгү айып пулдан улам, каржылык көйгөйгө туш болуп жабылганга аргасыз болгон. Жарандык коом, журналисттер өздөрү Атамбаевге болгон мамилеси кандай экенин эске албай, мындай аракеттер менен күрөшүүбүз керек. "Апрель" телеканалы жабылып калса, жарандардын эркин маалымат алуу укугу бузулат. Соттордун кандай иштеп жатканын билебиз. Ошондуктан Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаевдин арызын толук канааттандырып коюшу мүмкүн ", - деди Турдукулов. Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси буга чейин “Сентябрь” телеканалы менен “Заноза” сайтын коргогондой эле “Апрелди” да коргой тургандыгын билдирет. Буга улай Медиа полиси институтунун адвокаттары соттук иште “Апрель” телеканалына жактоочулук кыларын маалымдады. Институттун пикирине ылайык, жарандар маалымат алуу жана ой билдирүү эркиндигине укуктуу жана ошол укуктар корголушу шарт.

Өткөн жылы президент болуп турган Алмазбек Атамбаев бир канча жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко бергени жана бул окуянын тегерегинде ал көбүрөөк зыянга тушукканы маалым. Башкы прокуратура “мамлекет башчынын аброюна шек келтирди” деп “Азаттык” радиосун жана “Заноза” сайтын сотко берген. “Азаттыктын” иши боюнча доо арыз сотто каралууга жетпей кайтарылган, ал эми “Заноза” сайтына жана анын жетекчилерине баш-аягы 30 миллион сомдук доо коюлуп, соттук процесстерде жеңилүүгө дуушар болгон. Ушул жылдын май айында Кыргыз мамлекетиндеги медиа уюмдар президентке “2017-жыл президенттин аброюна шек келтирди деп башкы прокурордун журналисттерге, жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы берген баш-аягы 60 миллион сомго жеткен доо арыздары менен эсте калды. Жазанын пропорционалдуу эместиги журналисттерди коомго маанилүү маалыматты жеткирүүдө карманууга, өзүн чектөөгө алып келет” деген кайрылуу жолдошкон. Ушул кайрылуудан көп өтпөй экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге каршы койгон доодон баш тарткан. Ноябрь айында экс-президент “Апрель” телеканалына берген маегинде журналисттерди сотко берүү боюнча маселе да козголгон. Эмоцияга алдырып койдум. Президент катары журналисттерге жасаган мамилем туура эмес болду окшойт. Карап көрсөм азыр сотко берүүнү чындыкты жазгандардын оозун жабуу үчүн курал катары колдонуп башташыптыр. Мен эмоцияга алдырбашым керек болчу”, - деген Атамбаев.

Эгерде Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка келгенден 5 жылдан кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынан миллиондорду доолап, сотко берип, сөз эркиндигин муунтууга өтсө, Жээнбековдук бийликке бул жаатта 1 жыл эле жетиштүү болууда. "Апрель" телеканалынан миллиондорду доолап жаткан Бекназаров менен Дүйшөбаев буга чейин курултайдан кийин расмий түрдө Сооронбай Жээнбековду колдойбуз деп жар салышкан. Ал эми "Апрель" бүгүнкү күндө бийликке оппозициялык көз карашта. Демек, Жээнбековдук бийлик Атамбаевдей болуп түз, ачык, өзүнүн колу менен эмес, саясатчылар аркылуу оппозициялык ЖМКны бууп салууга аракет көрүп жатат десе болот.

Демократиянын башкы баалуулуктарынын бири – бул сөз эркиндиги деген ураан көп кайталанат. Иш жүзүнө келгенде, ал баалуулукту коргоого болгон аракет дээрлик жокко эсе болуп чыга келет. Жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берүү – бул журналисттик коомчулуктун өзүн өзү тыюуга, чектөөгө алып келет. Кыргыз мамлекетинин эгемендүү тарыхын карай келсек, сөз эркиндигинин бийлиги барларга дегеле кереги болгон эмес. Сөз эркиндигин чектөөдө биринчи сокку чындыкты жазгандарга тиет. "Freedom House" 2017-жылы Кыргыз бийлигин эркин медиага куугунтукту токтотууга чакырган. "Репортёры без границ" уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2017-жылы өлкөдө сөз эркиндигинин абалы 2016-жылдагыдан 4 баскыч артка кеткен. 2018-жыл да аягына чыгып бара жатат жана анын жыйынтыгы жогорудагыдай үч саясатчынын 18 миллион сомдук доо арызы менен дагы артка кетери күтүлө турган иш...

"Айрым мамлекеттик органдарда сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк жетишпей жатат". Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында айтты.

Ушул жылдын май айында Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында соттук реформа боюнча кеңешменин биринчи жыйыны өткөн. Анда соттук системди реформалоо боюнча доклад окуп жаткан жумушчу топтун мүчөсүнүн сөзүн токтотуп, мамлекет башчы “мунун баарын ишке ашырууга эмне керек?” деп суроо салган. Ал президентке “эң эле биринчи саясий эрк, анан каражат керек” деген жообун узаткан. Ага карата Жээнбеков ошол элеби дегендей түр көрсөтүп “эрк бар, каражат таап беребиз” деген. Арадан жарым жыл өттү. Бирок сот реформасын ишке ашырууга эрк жетпей жатканын президент мойнуна алып отурат. Андан сырткары кеңештин алгачкы жыйынында пландалган бир нече иштерди ишке ашыруу бир топ кечигип жатканын белгиледи.

2019-жылдан баштап бир нече кодекстер жана жаңы мыйзамдар күчүнө кирет. Бирок жакында эле парламенттин тармактык комитетинде депутаттар жаңы кодекстерди мыйзамга дал келтирүү боюнча иштер чабал жүрүп жатканын айтып, укук коргоо органдарын сынга алышкан. Сот реформасы жыл башынан бери бийик үн менен айтылып келет, бирок бул багытта системдүү иш-аракеттер болбой жатат. Жаңы бийлик айрым судьяларды кызматтан алып, кээ бирлерине кылмыш ишин козгоду. Бул деңиздеги тамчыга тете. Мына ошол бир тамчыны элге океандай пиар кылып, иш жүзүндө сөз укпаган соттордун жүрөк үшүн алган тымызын аракетке айланат.

"Сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк бар” деген президенттин алты ай мурунку сөзү менен “айрым мамлекеттик органдарда сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк жетишпей жатат” деген бүгүнкү сөзү эмнени билдирет? Дагы алты айдан кийин бул билдирүү “сот реформасын ишке ашырууга саясий эрк жок болуп жатат” дегенге айланып кетпейби? Убадалар иш жүзүндө аткарыла баштабаса, реформалар кагаз бетинде эле кала берсе, анда эл да эртең талабын катуураак айтууга өтөт. Анда бүгүнкүдөй бир сөздөн экинчи сөзгө өтүүгө алты айлык убакыт берүү оор болуп калышы ыктымал...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан