Жогорку Кеӊештин депутаттары 2019-жылдын 8-11-январь аралыгында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде жолугушууларды өткөрөт. Тиешелүү токтом Жогорку Кеӊештин 27-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.
Төрага Дастанбек Жумабеков ушундай сунуш келип түшкөнүн айтты. Депутаттардын көпчүлүгү бул сунушту колдошту. Мындан улам парламенттик комитеттер 14-январда ишин улантат.