Чүй ОИИББи тоолордо жылгаяк тебүүдөгү баллондорду колдонууда жылгаяк үчүн ылайыкташпаган шайман катары анын кооптуу экендигин эскертет.
"Жаңы жылга карата эс алуу күндөрүндө үй-бүлөлүк эс алууга чыккандар көп болот. Мындай учурларда кышкы эс алууга баргандар балдардын жана өз коопсуздугун сактоону эскертебиз. Тоодогу кышкы эс алуунун соңу кырсык менен аяктап калган учурлар абдан көп кездешет. Мунун себеби жарандардын коопсуздук чараларын тыкыр сактабагандыгы. Кырсыктардын келип чыгышына эң көп себепкер болгон бул тоонун башынан разина баллондор менен түшүү болуп саналат. Тоо-лыжа базаларынын жана медицина кызматкерлеринин эскертүүсү боюнча баллондор адам өмүрүнө коркунуч алып келген опурталдуу оюн болуп саналат.
Жылгаяк тээп жүрүп кырсыктаган 10 жарандын арасынан 1-2өө гана лыжа тээп жүрүп жабыркагандар. Калгандарынын баары резина баллондордун курмандыктары. Баллондорду башкарууга мүмкүн эмес: багытты бура албайсың жана өз учурунда токтотуп кала албайсың. Катуу ылдамдыкта бара жаткан баллон секирме жерден бийик учуп, жерге катуу салмак менен түшөт. Мындан тышкары атайын ылайыкташпаган тоо кырларынан да жылгаяк тебе бербестен, колдон келишинче атайын трассалардан жылгаяк тебүү сунушталат", - деп билдирет Чүй ОИИББинен.