Индияда 65 жаштагы аял төрөдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, баланын атасы 80 жашта.
"Бул аял өз күчү менен баласын жарыкка алып келип, улуу куракта төрөгөн энелердин сап башына жайгашты. Буга чейин мындай куракта көз жарган аялдар жасалма уруктандыруу жолу менен гана боюна бүтүргөн. Дарыгерлер эненин да, баланын да абалы туруктуу экенин айтышууда. Негизинен Индияда аялдар 47 жаштан кийин балалуу боло албай калышат. Бирок 60 жаштан өткөн аялдардын көз жарышы өтө сейрек кездешет", - деп жазышат басылмалар.