Дүйнөлүк подиумду багындырган 3 сүт тиши бар, териси эки түстүү, альбинос жана башка "өзгөчө" кыздардын баяны

“Модель” деген сөздү укканда эле сулуу, арык-чырай, тулку бою идеалдуу адамдарды элестетебиз. Бирок биздин арабызда өзгөчө келбетке ээ, стандартка туура келбеген келбети менен мода дүйнөсүндө белгилүү дизайнерлердин колунан тигилген кийимдерди кийип подиумду багындырган атактуу модель кыздар да бар.

Оорусунан кыялы күчтүүрөк Мелани Гайдос

Аты-жөнү - Мелани Гайдос

Туулган жылы – 1990-жыл.

Мелани Гайдос бүгүнкү күндөгү эң жогорку суроо-талапка ээ болгон дүйнөдөгү белгилүү, бай модель. Учурда 28-жашта экенине карабастан, ал атактуу сүрөтчү, музыкант, режиссёрлор менен достошот. Бирок дал ушул деңгээлге жетүү үчүн Меланиге эрктүүлүк керек болчу.

Мелани Гайдос сейрек кездешүүчү генетикалык оору менен төрөлгөн. Эктодермалык дисплазия – бул бир эле учурда чачтын, тиштин жана тырмактын өсүшүнө таасирин тийгизет. Анын чачтары, каш-кирпиктери терисине карай өсөт. Ошондуктан анын көрүүсү да начар. Гайдостун айтымында, анын денесинде такыр түк жок, анын болгону үч сүт тиши бар.


Гайдос кичинесинен тарта чоң сыноого кабылган. Себеби аны көргөндөр дароо эле шалдыңдоого өтүшчү, ошондуктан ал адамдардан коруна берчү. Бирок Гайдостун сырткы келбети анын топ-модель болуу кыялына тоскоолдук кыла алган эмес. Анын моделдик карьерасы Нью-Йоркко көчүп келгенден тарта өнүгө баштайт. Алгачкы ийгилиги “Craigslist” сайты аркылуу иш жүзүнө ашат. Жогорудагы сайт стандартка туура келбеген моделдер менен иштешчү. Ошентип Мелани максатына жетип, атактуу актриса жана модель боло алды. Дүйнөдөгү эң атактуу сүрөтчүлөр менен иштешүүгө мүмкүндүк алды.

Мелани Гайдос учурдагы жашоосу тууралуу: “Модель болуп иштегенден тарта бир нерсени анык түшүндүм. Мен булардын баарын өзүм үчүн жасап жатам, бирок ошол эле учурда мен башкаларды кандай болсо өзүн ошондой кабыл алуусуна жардам берүүдөмүн”, - деген оюн билдирген.

Териси, каш-кирпиктери, чачы аппак, бирок кызынын териси кара

Аты-жөнү – Диандра Форрест

Туулган жылы – 1989-жыл, 22-октябрь

Бою – 180 см

Параметри – 87-61-84.

Диандра Форрест афроамерикалык топ-модель жана фотомодель. Моделдик чөйрөдө альбинос экендиги ("Альбинизм" - латын тилинен алынган, "albus - ак" дегенди түшүндүрөт. Бул оору менен ооругандар төрөлгөндө эле териси, чачы, каш-кирпиги ак түстө болот) менен өзгөчөлөнүп турат.

Форрест АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бронкс районунда төрөлгөн. Бир тууган иниси бар. Ал дагы альбинос. Диандра теңтуштары тараптан дайыма кемсинтүүгө учурай бергендиктен ата-энеси аны мамлекеттик мектептен адистештирилген мектепке которууга мажбур болушкан. Дал ушул жерден Форресттин жашоосунда чоң бурулуш болот. Аны Шамир Хан аттуу сүрөтчү байкап калат. Ошондон тарта моделдик чөйрөдө Диандра Форрест деген ысым пайда болот. 2009-жылы “Ford Models Europe-Paris” жана “Elite Model Management-New York” агенттиктери менен кызматташкан. “MAC”, “Mirza Mperial”, “Norma Ishak” фотосессияларына катышканга жетишкен. Ошол эле жылы "U Mag" аттуу журналдын башкы бетине чыккан. Кан Уэсттин "Power" деген клибине Джессика Уайт, Ирина Шейк сыяктуу супермоделдер менен тартылган.

Шон Росс аттуу альбинос модель мырза менен Тайра Бенкстин шоусуна катышып, адамдардын арасынан өзгөчөлөнүп туруу оңойго турбасын айтып беришкен. 2014-жылы Бейонсенин "Pretty Hurts" аттуу клибине тартылган.

Диандранын кызы бар. Ал эми атасы тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. Эң кызыгы, кызы кара терилүү.

Өзгөчө келбетинин айынан өзүнө кол салууну ойлогон Винни Харлоу

Аты-жөнү - Винни Харлоу

Туулган жылы - 1994-жыл, 27-июль

Бою – 175 см

Параметри – 87-59-89 см.

Винни Харлоу 4 жашка чыкканда анын денесинде табышмактуу ак так пайда болот. Врачтар кыздын витилиго (теридеги пигменттик бузулуулар) менен жабыркагандыгын аныкташат. Бир нече жылдын ичинде эле анын бетине, буттарына, колдоруна чейин тактар жайылып кеткен. Ошондон тарта Харлоунун жашоосу кыйындайт, себеби ал өзү теңдүүлөр арасында кемсинтүүгө учурайт. Буга байланыштуу ал көп жолу мектеп которгон, жадакалса өз өмүрүнө кол салууну да ойлогон.

Ал эми анын өзгөчө келбетин америкалык супермодель Тайра Бенкс социалдык тармактардан байкап калып, америкалык Топ-моделдердин 21-сезонуна чакырат. Сынактан Винни Харлоу 5-орунга ээ болот.

Винни Харлоунун витилиго менен жабыркаганына карабастан моделдик чөйрөгө келиши мактоого арзыйт. Азыркы учурда Харлоу Барселонадагы “Desigual” бренд кийимдеринин жүзү болуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazarnew
2018-12-28 20:00:54
Жакшынакай эле болуп турушат го, кем акыл эмес го, азыркы заманда сыртына көңүл бөлгөндор көбөйүп кетти. Кудайым берем десе берип коёт, главная не сдавайся. Молодец.
+5
KYRGYZ_bolson_BRAT
2018-12-29 11:06:23
ала була кыз жылдыздуу экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан