Францияда көчкү алдында калган 12 жашар баланы овчарка аман сактап калды

Жетро машыктыруучусу Рафаэль С. мененФранциянын Савойя департаментинин тоо-лыжа курортунда 12 жаштагы бала көчкү алдында калып, 1 сааттан кийин куткарылды. Мындай маалыматты жергиликтүү жандармерия басылмаларга билдирген.

"Көчкү алдында калган 12 жашар бала ал жерде чыга албай 1 сааттай жатып калган. Издөө иштеринин натыйжасында Жетро деген куткаруучу ит жана анын машыктыруучусу сержант Рафаэль С. баланы кар алдынан таап алып чыгышкан", - деп жазылат маалыматта.

12 жашар бала достору менен Ляплань станциясына жылгаяк тебүү үчүн барган. Баланын күрмөсүндө кар алдында калган учурда куткаруучуларга сигнал берүүчү детектор жок болгон. Куткарылган бала Жетро аттуу овчарканын "карьерасындагы" алгачкы иши.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан