Рак оорусунан улам бетинин бир бөлүгү, бир көзү, эрининен айрылган Баатыр Баназаров оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу апасы Саткын Баназаровага байланышканыбызда бүгүн, 28-декабрда билдирди.
Анын айтымында, бейтап 4 күн мурун оор абалда Жалал-Абаддагы Кербен шаарындагы ооруканага алып келинген. Дарыгерлер анын каны азайып кеткенин айтышып, кан куюу керек экендигин билдиришкен.
"Балам өз алдынча баса албай, кубаты качып, табити жок болуп калды. Оорусу болсо күчөп кетти. Айласыздан ооруканага алып келдим. Дарыгерлер кан куюп, эми аз-аздан күч алып, сүйлөп, көңүлү ачыла баштады. Дарыгерлер жакшы көңүл буруп карап жатканы менен, кан, дары-дармек, бинттен бери акча. Бул каражатты таба албай башым катып турат. Мындан улам боорукер адамдардан аз-аздан болсо да жардам берүүсүн суранам", - деди Баназарова.
Айта кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 34 жаштагы тургуну Баатыр Баназаровдун абалы күндөн-күнгө начарлап жаткандыгы маалымдалган. Ал апасы менен Бишкек шаарына келип, кайрымдуу адамдардан жардам чогултула баштаган. Кийин Улуттук онкологиялык борборуна жаткырылып, дарыгерлер анын 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келгендигин билдирген. Аз убакыт аралыгында Баназаровдун саламаттыгына кайдыгер карабаган адамдардан акча топтолуп, ал дарыгер Азамат Кошалиев менен бирге Индияга дарыланууга барган. Ал жактан операция жасалып, ушул жылдын март айында бейтап аман-эсен Кыргыз жерине кайтып келген.
Жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822.