Президент Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркияга жасаган иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында өлкө башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитине катышып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бир катар маселелерди талкуулады. Саммиттин жыйынтыгында лидерлер көп тараптуу документтерге, анын ичинде 13-саммиттин декларациясына кол коюшту.
"Ошондой эле Садыр Жапаров ТМУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечими менен Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Мындан тышкары, ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Садыр Жапаров кечээ, 30-октябрда Кыргызстанга кайтып келди", - деп белгиленди маалыматта.