Өзбекстандын Самарканд облусунун Каттакурган шаарында орто мектептин мугалимин жарандык никедеги күйөөсү балталап салды. Окуя 25-декабрда болгонун жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу аял аз жерден аман калган. Аны оор абалда мектептин дарбазасынын түбүндө жаткан жеринен тургундар көрүп калышкан. Мектепте иштегендердин бири окуя тууралуу буларга токтолгон: "Аял мурунку күйөөсү менен ажырашып кетип, бул киши менен жашап жүргөн. Эртең мененки саат 9да адамдын ачуу кыйкырыгы угулуп калды. Биз сыртка чуркап чыгып, кесиптешибиздин денесинин баары кан болуп жатканын көрдүк. Кийин билсек, аны күйөөсү балта менен чаап, өзү качып кетиптир".
Ал эми укук коргоо органдары кылмышка шектүү кармалганын маалымдаган. Анын мындай кадамга баруусуна кызганыч себеп болгонун айтып берген. Мугалим аял ооруканалардын биринде дарыланууда. Ал мурдунан, колунан, тизесинен жана бетинен жаракат алган.