ЭЛДИК КАБАР: "Тоок уурдаган түлкүнү тирүүлөй кармап алдым" дейт окурман

Жумгалда түлкүлөр адамдан коркпой эле айыл ичине кирип тоокторду уурдап кетип жатышат. Мындай кабарды окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Мындан 4-5 күн мурун Жумгалдын Миң-Куш айылында тоокту уурдап кетип жеп жаткан түлкүнү тирүүлөй кармап алдык. Союл менен жыга чабалы деп түлкүнү кубаласак, ал качкандын ордуна бизге кол салды. Балдар үчүн кооптонуу бар", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Түлкүнү тирүүлөй кармап алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Dalil
2018-12-29 17:48:55
Айлана бүт кар басып тамак таап жеш да кыйындык туудурганы үчүн алар да ушундай кылууга мажбур болушат. Болбосо алар да адамды көргөндө жакындабай качышат. Кантсин анан ал бечаралар ачкадан өлбөйүн деп өз өмүрлөрүн тобокелге салышат.
+18
Kyrgyz_bloger
2018-12-29 17:57:45
8 жылга соттоп таштагыла да
+9
Asyl_Kg
2018-12-29 18:24:00
Kyrgyz_bloger. Бизде ууруларды а дегенде соттобойт. 2 ай баш коргоо чарасы корулот андан кийин уй камагы же госпитал.
+14
Batma08
2018-12-29 17:58:04
Эми эмне кылат экен а тулкуну
0
izdeim_seni
2018-12-29 18:11:40
Азыр тоок урдайбы, миллион доллар урдайбы, баары бир "түлкүлөр" камалбай чет өлкөгө качып кетишет)))
+11
glaz_almaz
2018-12-30 00:56:00
izdeim_seni,жакын арада ал тулку Турцияда болот.
+5
zhykyo
2018-12-29 18:37:12
Мм кармаган бала Тулкуго Тулку корунгон окшойт талашып жатпайбы тамагын
-3
Skarlett-Skarlett
2018-12-29 19:27:33
Байкуш жаныбар десе.Бул деген жашоо учун курош.Тулку кууган бала сен да оз жашооно аракет кылып жатасын.Кызык тема болуптур.
+4
Dembele84
2018-12-29 19:42:43
Жумгалдыктар азаматсынар! Бириси наракта жаны тракторду сууга чоктуруп,кийин суудан алып чыгышып астына от жагып кургаталбай убара болуп атса,бул жигит ошол эле куну биякта тулкуну тируулой кармаптыр....Бул жагы атын чыкпаса-жер ортто эле болуп атыптыр да жаны жыл астында ))))
+1
uli1234
2018-12-29 20:06:33
Ошол тоокту берип койо бербепсин. Бул түлкү да жаратылыш байлыгы. Бир тоок берип жиберет элем койоберсен
+3
voennyi88
2018-12-29 20:14:56
Шадиевди карматыш керек экен сага.
+3
Alia82
2018-12-29 22:24:32
Этият болгула түлкү кутурма оорусун алып жүрөт кокус тиш пиши тийип кеткен болсо срочно больницага
+1
glaz_almaz
2018-12-30 00:56:59
Alia82,туура кутурма болушу мумкун
+2
zhenishmyrza
2018-12-29 23:06:00
Курсагын тойгозуп койо бериниз Аллах ыраазылыгы учун.
-2
AksyKum
2018-12-30 00:45:06
Байкуш түлкү кайдан билсин Кыргызстан да Тоок уурдаганга катуу жаза беререрин. Билсе бул деле млндордон уурдамак эч ким жаза бере албайт эле
-2
titanik32
2018-12-30 04:02:03
Жаңы жылдан кийин түлкүнү кое бер эми.Уят башка түлкүлөп укса.
0
Rifle_I
2018-12-30 12:29:25
Болгон тирүү жандын баарын атып алып жеп коюп жатсак, түлкүлөр ачка калышып айыл аралай башташты да. Карышкырлар да келип калат жакында тоо эчкилерди атып жей берсек.
0
Modric10
2018-12-30 15:32:44
Тулку жаны жылга бир эт салайын десе жолу болбой калыптыр да.сага мыкты баатыр наамын берет эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан