Москвада ооруканада дарыланып жаткан бейтаптарды куттуктоонун өзгөчө жолу орун алды. Москванын өзгөчө кырдаалдар боюнча департаментинин 60тай кызматкери Аяз атанын кийимин кийип, оорукананын чатырынан түшүп келип, терезелер аркылуу бейтаптарды куттуктаган. Бул көрүнүштөн тартылган сүрөт жана видеолор интернетте тарады.
Бул акцияга 60 куткаруучу катышкан. Алар Аяз атанын чапанын, ал эми кыздар Аяз кыздын кийимдерин кийип бейтаптарды куттукташкан. Сактык курун байланган куткаруучулар алгач Морозов ооруканасынын чатырына тизилишкен. Берилген командадан соң Аяз аталар аркан аркылуу терезелерге түшүп келип, Жаңы жылды өз үйүнөн, үй-бүлөсүнүн курчоосунда тосо албай, ооруканада тосо турган бейтаптарды куттукташкан. Ал эми ылдый жактан Аяз кыздын кийимин кийген кыздар өрт өчүрүүчү унаалардын краны аркылуу терезелерге көтөрүлүшкөн.
Аталган департаменттин бул акциясы алгачкы жолу эмес. Куткаруучулар ар жылы ар башка түстөгү чапандарды кийип, жыл сайын ушундай жол менен бейтаптарды куттуктоону адатка айлантышкан.