Жаңы жылдык кечеге айымдар кандай стилде кийинсе болору айтылды

Жаңы 2019-жылды 80-жылдардагы көйнөктөрдү кийип тосууну мода тармагынын тарыхчысы, "Модный приговор" берүүсүнүн алып баруучусу Александр Васильев сунуштайт.

Ал мындай кеңешин өзүнүн китебинин бет ачар аземинде айткан.

"Жаңы жылдагы майрамдык көйнөктөр алтын, күмүш түстөгү гамма жана көйнөктүн жасалгаланышы чоң-чоң желим жасалгалар менен кооздолгон болуусу керек", - деди Васильев.

Ал эми чач жасалгалоо 90-жылдардагыдай "пальма" болушу шарт.

Александр Васильев "бул Жаңы жылдагы майрамга 80-90-жылдардагы дискотекага келгендей жасануу керек, көйнөк алтын, күмүш, кочкул-көк, кара-көк жана изумруд түстө болсо стилдүү көрүнөт" деген.

Колдо сумка ордуна катуу жалтырак клатч болушу шарт. Ал эми бут кийим "казаки" стилинде болсо, айымдар бул майрамдын ханышасы болорун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl.jazi
2018-12-30 04:23:22
Ар ким тапканыны кийет да эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан