Данияр Сыдыков Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
Бүгүн КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Ош шаарына болгон иш сапары учурунда Данияр Сыдыков ТИМдин түштүк аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалганын билдирди. Иш сапары учурунда Эрлан Абдылдаев Ош шаарындагы жергиликтүү бийлик органдары жана УМККнын Чек ара аскерлигинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.