АКШ расмий түрдө эл аралык ЮНЕСКО уюмунан чыкты. Аталган чечим 31-декабрда күчүнө киргенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
ЮНЕСКО Бириккен улуттар уюмунун билим берүү, илим жана маданият багыты боюнча атайын мекемеси.
"Мындай чечим 2017-жылы кабыл алынып, документ бүгүн күчүнө кирди. Эми АКШ ЮНЕСКОдо байкоочу мамлекет катары калат. 1984-жылы АКШнын президенти Рональд Рейгандын администрациясы да ЮНЕСКОну "антиамерикалык саясат жүргүзүүдө" деп айыптап, андан чыгып кеткен. 2003-жылы кайра мүчө болгон", - деп жазышат басылмалар.
Айрым маалыматтарга караганда, АКШнын бул жолку чечими араб-израил конфликтинен улам кабыл алынган.