Бала кезде баары эле куурчак ойногонду жакшы көрсө керек. Бирок айрымдар куурчактарды ойноп эле тим болушкан эмес. Дүйнөдө мультфильм каармандарына окшошуу үчүн миллиондогон акча сарптоого даяр адамдар кездешет. Булардын катарында пластикалык хирургдарга 20 жашында барган тирүү куурчак Жастин Жедлика дагы бар.
КЕН КУУРЧАГЫНА ӨЗҮН ОКШОШТУРГАН ЖАСТИН ЖЕДЛИКА
Аты-жөнү - Жастин Жедлика
Туулган жылы – 1980-жыл, 11-август.
Бою – 187 сантиметр.
Инстаграмдагы баракчасында 100 миңден ашуун катталуучусу бар
“Тирүү Кен” атка конгон америкалык Жастин Жедлика 38 жашта. Ал 300дөн ашуун пластикалык операцияны башынан өткөрүп, бул үчүн 250 миллион доллар сарптаган. Жастин өзүнүн келбети менен сыймыктануудан тажабайт. Эң алгачкы операциясын 20 жашында мурдуна жасаткан жана ага 3500 доллар кетирген.
Ошол күндөн тарта Жастин Жедлика пластикалык хирургияга көз каранды болуп, ушул күнгө чейин өзгөрүүсүн улантып келет. Анын келбетиндеги өзгөрүүлөрдү бир гана массалык маалымат каражаттары эмес, коомчулук да талкуулап турат.
2012-жылы Жастин Жедлика менен украиналык Барби Валерия Лукьянова Нью-Йоркто таанышып калышат. Эң өкүнүчтүүсү, Барби менен Кен тил табыша албай коюшкан.
Жастин Жедлика бул тууралуу “Валериянын келбети мени таң калтыра алган жок. Ал такыр Барбиге окшошпойт. Анын образы кийимдердин жана боёктордун жардамы менен жаралган” деп айткан.
Өз кезегинде Лукьянова Жедликага жооп иретинде “Кен акылсыз адам” деп жооп кайтарган.
Бирок бул келишпестиктерге карабастан дал ушул биргелешкен фотосессиядан эки куурчак тең капчыгын кампайтышкан.
29 жашында Кен сүйүктүүсү менен мамилесин мыйзамдаштырган. Бирок 4 жылдан кийин экөөнүн мамилеси ажырашуу менен аяктаган. Андан кийин Жастиндин Пикси Фокс аттуу пластикадан башы чыкпаган модель менен мамилеси башталган. Экөө тең пластикалык операциялардын убактыларын бир учурга белгилешет. Анын себебин алар “Калыбына келүү учурунда бири-бирибизге колдоо көрсөтөбүз” деп түшүндүрүшкөн.
“Мен куурчак Кенге окшош экенимди билген эмесмин. Албетте, менин да башкалар сыяктуу эле кичинемде Кен куурчагым бар болчу. Кендин мага окшош экендиги абдан кубандырат” деп Жастин өзүнө баа бергенге да жетишкен.