Бишкекте бир топ жылдан бери Жаңы жыл майрамынан кийин биринчи жолу таштанды аз чыгарылды. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп, жалпысынан 26 куб же 4 тоннадай таштанды чыгарылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан 60 адам, 7 атайын техника иштеди. "Мурунку жылдарда 80-100 куб таштанды чыгарылып келген. Быйыл келген адамдардын саны аз болгону да таасирин берди окшойт. Албетте, мындай көрүнүш шаар тургундарынын тазалыкты сактоо маданиятынын өсө баштаганынан кабар берет. "Ала-Тоо" аянтына таштанды салуучу 40 чоң контейнер, 10 евроконтейнер орнотулган эле", - деп билдиришти мэриядан.