Кара-Буура, Кочкор, Ак-Талаа райондорунда Жаңы жылдын биринчи мүнөттөрүндө наристе үнү жаңырды

Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 292 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Анын 142си уул, 150сү кыз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

1-январга караган түнү саат 12:00дө Кара-Буура районунда 4 килограмм 200 грамм салмактагы уул, Кочкор жана Ак-Талаа райондорунда 2 килограмм 995 грамм салмактагы кыздар төрөлдү.

Бишкек шаарында 31-декабрдан 1-январга караган түнү 66 эне көз жарган. Алардын 28и уул төрөсө, 36сы кыз төрөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
senchi
2019-01-01 12:31:00
Өмүрлөрү менен берген болсун
+8
Sabway
2019-01-01 13:45:19
Эки дуйно бактылуу кылган болсун!
+6
Aytur
2019-01-01 18:52:45
Менин абысынымда туну тороду
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан