Ажылык сапарга бара тургандарды каттоо 9-январда башталат

Ажылык сапарга баруучуларды каттоого алуу биометрикалык паспорттун негизинде 2019-жылдын 9-январында башталып 31-январга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, талапкерлерди каттоо Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын облустук, шаардык жана райондук бөлүмдөрүндө жүрөт. Ажылык серверге аймактык кезекке тургузуу бир гана алгачкы төлөгөн 500 АКШ доллар квитанциясынын негизинде болот.

ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООГО КАТЫША ТУРГАН АЖЫГА БАРУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

  1. 2019-жылы ажыга каттоо тартиби бир гана биометрикалык ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
  2. Ажылык наркынын ичинен алдын ала банкка 500 АКШ долларын төлөгөндүгү тууралуу квитациянын түп нускасы.
  3. Ажыга катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн банкка төлөнгөн суммасынын (700сом) квитациясынын түп нускасы.
  4. Ажыга баруучунун жашаган жериндеги каттоого алынган убактысы 2018-жылдын 10-августуна чейин болушу шарт.
  5. Жалпы жарандык паспорт.
  • Биометрикалык паспорт менен жалпы жарандык паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.
  • Жалпы жарандык паспорттун мөөнөтү 2020-жылдын 31-январына чейин бүтсө жараксыз.
  1. Аялдар менен туугандарынын бири баруусу шарт.
  • Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми башка тууганы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1974-жылы май айында төрөлсө туулгандыгы тууралуу күбөлүк же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат, ал эми июнь айында төрөлсө документинин түп нускасы талап кылынат.
  1. 3х4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.
  • Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт.
  • Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.
  • Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат.
  1. №086 формасындагы медициналык тактама.
  • Ажыга баруучунун ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу
  1. Келишимге кол койдуруу жана Ажылык серверге киргизүү (ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу болот).
  2. Ажылык визасын алуу үчүн анкетага кол коюу (Жалпы жарандык паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу болот).
  3. Ажыга баруучунун кийиминин өлчөмү жана жеке телефон номери, каттап жаткан операторго берүүсү талап кылынат.
  4. Ажылыкка баруучу жарандын жашы 18ден төмөн болбоосу шарт (2019-жылы 18 жашка толуучу жарандар ажыга барууга укуктуу).
  5. Сауд Арабия падышалыгы тарабынан же ажылык базасынан виза алуу учурунда, мурда ажыга барган талапкерлерге калькуляциядан тышкары кошумча төлөмдөр пайда болсо каражатты ажыга баруучу талапкер өзү төлөөгө милдеттүү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
erlan2196
2019-01-01 18:36:53
Ажыга барып акчанарды арабтардын кара ташына сапырып келгенден коро, оз жерибизде жумшаганга эмне жетсин. Арабтар оздорунун жеке салтын, коз карашын, кийген кийимдерин дин деп элди алдап жаткандары адамкерчилике жатпайт.
-9
sarbo
2019-01-01 18:50:21
erlan2196 тооба кылдым де,ар бир мусулманга,бизге ошол жерге барып зыярат кылганга насип кылсын
+3
Aikaaaa
2019-01-02 11:57:23
erlan2196, ооба десең, андан көрө ошол акчаны муктаж адамдарга бергиле, өзүңөр айтмакчы, ооруп жаткандарга бергиле. Арабдардын бюджетин толуктагычакты
-2
J1irg
2019-01-01 18:46:52
Арабтардын жашоо салтын, хиджаб паранджа, дамбалдарын дин экен деп озубузду алдабайлык. Кыргыздар ар дайым Кудайга кыргызча жакшы тилек, бата айтып гана кайрылышкан. Бирок эч кандай арабтардын салтын дин экендеп оздорун алдашкан эмес. Кыргыздар тушунбогон арабча создорду микрофон аркылуу элге кыйкырышкан эмес.
-1
talas0707
2019-01-01 21:14:59
J1irg,Сен журо Бер санта Клаус келет деп.
-1
Suzak12
2019-01-01 19:10:41
Урматуу админдер бир кишиге ажы сапарына барып келгенге канча акча кетет билип бериниздерчи сураныч Аллах раазы болсун силерге
+3
filis
2019-01-01 21:45:28
Арабтардын диний жомогуна ишенип бейишти корот экенбиз деп ар кайсы молдолордун созун ээрчибейли. Анын баары жалган. Ислам орто кылымдагы арабтардын идеялогиясын дин деп жайылткан чон алдамчылык. Ислам дин эмес. Ислам бизнес жана саясий идеялогия. Тупку максатында элдерди бир идеялогияга баш ийдируу жана ошол идеялогия аркылуу арабтардын башкаруусу.
-4
talas0707
2019-01-01 22:04:06
filis, Сен озу кайсыл тараптасын? Сен озунду ким деп ойлойсун Мусулманбы христианбы буддизмби же атеизсинби? Адам озу Бир нерсеге сыйынат жаратылышы ошондой жок легенде уйга сыйынат.
0
altyn7776
2019-01-02 18:56:45
Дагы жеп ичмей башталат экен да. Кызыгы бардык муфтийлерибиз ушул ажыга болунгон квотанын айынан муфтийликтен кетип жатышат. Муфтий болуп туруп коррупцияга малынгандар кантип ислам динине башкаруучу болот?
0
dymak
2019-01-03 08:06:53
Аллах таала өзү туура түшүнүк берген болсун сиздерге,талашып тартышпайт туугандар.Ыйман ишеним жүрөктө болсун,ошол жетиштүү.Аллах өзү коргоочу.
+2
Ermekbai
2019-01-31 21:44:28
Документи жаман көпго. ID карттагы колду кантип коёт. Ж.б. проблемалар көп экен. Жеңилдетсе болбойбу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан