Министрлик: "Гемодиализ алган 134 бейтапка бүгүндөн тартып жеңилдиктер бериле баштайт"

2019-жылдын 1-январынан тартып өз эсебинен гемодиализ алып келген 134 бейтапка Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан жеңилдиктер бериле баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, азыркы тапта бюджеттик негизде 554 адам гемодиализ алат, ал эми 764 адамга фонд тарабынан жеңилдиктер берилип жатат.

Акыркы убакта өлкөбүздө бөйрөгү ооругандар, ал тургай бөйрөгү иштен чыгып гемодиализ аппаратына муктаж болгондордун саны өсүүдө. Өткөн жылы 17-октябрда Жалал-Абадда гемодиализ борбору ачылган. Бишкекте дагы эки борборду ачуу пландалып жатканын министрликтен кабарлашкан эле.

Гемодиализ - бул адамдын бөйрөгүнүн функциясын убактылуу аткаруучу аппарат. Бейтаптар гемодиализ аркылуу жумасына 2-3 жолу канын тазалатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2019-01-01 21:56:30
Алла шыпаасын берсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан