Москва шаарынын борбордук бөлүгүндө Жаңы жыл түнү 494 мигрант кармалды. Алардын канчасы кайсы өлкөнүн жарандары экени так айтылган эмес. Бул тууралуу мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенип келген активисттер жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, мигранттар документтерин текшерүү учурунда кармалышкан. Укук коргоочулар кармоо учурунда мыйзам бузуулар болгонун айтышууда.
1-январда саат 10:00гө карата кармалган 489 мигрант бошотулган. Калганы миграциялык каттоого турганы текшерилгенден кийин бошотулары маалымдалган.
Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кармалган мигранттардын арасында Кыргыз жарандары болгонун ырастады. Бирок бошотулган жарандар кийин элчиликке кайрылышпаганын билдиришти.