Мексикадагы Эройка-Сьюдад-де-Тлахьяко шаарына жаңы мэр шайланып, ал жумушка келе жатканда белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөнүн чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалым болгондой, ал кызмат ордуна каза болордон бир жарым саат мурун дайындалган.
Өлтүрүлгөн Алехандро Апарисио өзүнүн кызматтык ордуна дайындалган соң мэрияда боло турган жыйналышка бара жаткан. Дал ушул учурда ага белгисиз адамдар тарабынан ок атылган. Жаңы мэр окуя болгон жерден дароо ооруканага жеткирилгенине карабастан алган жаракатынан улам каза болгон. Андан сырткары 4 адам жаракат алып, аларга өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми полиция кызматкерлери иликтөө иштерин башташкан. Учурда шектүү катары 1 киши кармалып, сурак берүүдө.