Орусиянын Магнитогорск шаарында көп кабаттуу үйдө газ түтүгү жарылып, 79 адам дайынсыз болуп жатканы маалымдалган. Кырсыктан каза болгондордун саны 13кө жеткенин бүгүн, 2-январда жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Куткаруучулар алардын жансыз денесин урандылардын алдынан алып чыккан. Учурда болжол менен 30 адамдын дайыны белгисиз.
Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү эртең менен көп кабаттуу үйлөрдүн биринен газ түтүгү жарылып, жыйынтыгында 35 батир толугу менен урап түшкөн. Дагы 10 батир жарым-жартылай кыйраган.