Жыл жаңырары менен 121 миң сом: Тыюу салынган жерде тамеки чеккендерге да айып салынды

Ички иштер министрлигинде жыл жаңырары менен "Тартип бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системи ишке кирди. Мындай систем 1-январда түнкү саат 12:00дөн тарта иштей баштаганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Тартип бузуулардын бирдиктүү реестри" системи биринчилерден болуп саат 04:20 чамасында Панфилов районунда документсиз унаа айдоо фактысын каттады. Жыл жаңыргандан тартып бүгүн, 2-январь саат 12:05ке чейин жалпы 39 тартип бузуу фактысы катталган.

"Ош шаарында, Жайыл районунда жол эрежелери бузулса, Кемин районунда милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө фактысы болгон. Чоң-Алайда транспорттук каражатты колдонууда эрежелер бузулган. Ал эми Өзгөн РИИБи, Кара-Суу РИИБи, Бишкек ШИИББи тыюу салынган жайларда тамеки чеккендерди каттады. Араван районунда, Ысык-Көл облусунда мас абалында унаа айдагандар кармалды. Мындан башка да бир катар тартип бузуулар аныкталып, жалпы айып пулдун суммасы 121 миң сомду түздү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Talantbek80
2019-01-02 20:01:43
Бул акчалар чондордун эле чонтогуно тушот го
+9
rus228300
2019-01-02 20:08:12
Эң туура ушинтип штраф салса кийин кайталанбайт .Өзүбүздүн баскан турган жерлер таза болсо неге болбосун закон закон дейбиз закон иштесе чыдабайбыз.ар ким өзүбүздү сыйласак анан өзгөнү сыйлашты үйрөнөбүз.
+25
bakulya2015
2019-01-03 00:11:50
rus228300,созунузго кошуламын
+7
admiral
2019-01-02 20:10:52
Алдыга жылуунун бир белгисидир. ИИМнин бул системи коррупциянын булагы болушу эч кимди кумон кылдырбаса кк. ИИМги эки жакка тен коз салып туруш кк, дегеним тартип бузган дарга да тартип сакчыларына да конул буруп текшерип туруш керек. Казактарга окшоп ким коррупция болгон жерди видеого тартып тийиштуу жактарга жонотсо, акчалар сыйлык берилетурган кыдып. Мына ошондо Гаилерда башка тартип сакчылар да кичине болсо да коркуу сезим пайда болот.
+5
Baatirbek81
2019-01-02 22:10:16
Жанагы насывай чекендерди дагы тыйгыла,каратып туруп түкүрүнүшөт,өзүбүз этиканы сактасак анан эл журтубуздун пейили оңолот.
+22
trabzon11
2019-01-03 23:10:51
Baatirbek81,анан бекинип тукурмөк беле.
-1
talant87
2019-01-02 22:27:13
Бопкетинер силер дейт беле Тынар ага
+1
zevs
2019-01-02 22:30:37
Korupsiya bul ketiwte kopko barbaybyz.
-7
zevs
2019-01-02 22:36:45
Biri dagy mamleketke ketpeyt otkon jylky 10 miiliard som menen ele kitaydan karyzdy japsak bolot ele bir somunan da dayini jok.
-6
007bond
2019-01-07 07:48:23
zevs, 10 милиард сом менен кантип жапмак эле карызды 4,5 милиард доллор болуп атса.
0
AksyKum
2019-01-03 00:55:53
Эң туура. Мас болуп айдагандар өздөрүнүн башын жесе мейлигоо, бирөөнүн тагдырын талкалап... Апасы каза болуп, өзүнүн бир бутунан айрылган кызды көрүп аябай ыйлагам. Акшындабай айдаса озуда камалбайт эле
+7
kani-esen
2019-01-03 01:10:19
AksyKum,ал камалбаптыр. Уй камагына чыгыптыр ошондо эле
+2
Azatbek.Svoboda.
2019-01-03 03:34:37
Кызкасы карызды кутулуу мыйзамды издеп таап чыгышыптырда кыйратышып.Бир жагынан туура эле болуптур.Бирок акчаны сол чонтокко салгандар башкалар!Коррупция кучойт эми!
+1
gulmi
2019-01-03 03:37:22
Бир ирээт кочодо бир жаш бала менин бетиме тукуройун деп аз калган.Баскан-турган жерибизде тукуруп конуп калдык каяка тукуруп жатканыбызды деле карабайбыз.
+1
Totyua.71.
2019-01-03 07:51:06
Коррупциянын күчөгөнү күчөгөн,элди ачык эле тономой башталат...
-2
kechirmeni
2019-01-03 08:51:48
Тартип орноп калаар, мисалы мен уже машинамы кем мине баштадым зарыкканда гана, себеби бирде болбосо бирде штрафка илээшип калбайын деп, озум го ичпейм чекпейм ПДДны сактап эле айдайм ошентсе да сактыкта кордук жок
+3
Erik2018
2019-01-03 11:00:38
Акыркы кездери коомубуз көрүнгөн жерге какырынып, түкүрүнүп элде иделе көзгө илбей калышты эле. Мен жииркенип калгам. Туш келди жерге таштанды таштап калгандарды көп көрчүмүн эми баары эсине келип калаар деген ойдомун.
+2
Birimdik5555
2019-01-03 12:21:39
Штрафты банк аркылуу толошот бекен
-1
Modric10
2019-01-03 13:41:21
Ош базарга кирип текшерсенер.кунуно 50 минден штраф жон эле табылат.Ошск-насбайдын мекени!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан