Криштиану Роналду Инстаграмда рекорд койду
Италиялык "Ювентус" жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Инстаграм социалдык тармагында рекорд коюп, лидерликти бербей келүүдө.
Роналдунун баракчасына катталгандардын саны учурда 150 миллионго жетти.
Футболчудан кийинки орунда ырчылар Селена Гомес (144 миллион адам катталган) жана Ариана Гранде (141,4 миллион адам катталган) турат. 2016-жылдан бери Селена Гомес лидерликти бербей келген. Бирок Роналду аны 2018-жылдын октябрында артта калтырган.
"Барселонанын" чабуулчусу Лионель Мессиге катталгандар 105 миллионду, ал эми ПСЖнын чабуулучусу Неймарга катталгандар 108 миллионду түздү.