super.kg logo

Шавкат Мирзийоев: "Өзбекстанда 2019-жыл "Активдүү инвестициялар жана социалдык өнүгүү жылы" деп аталат"

 

"Өзбекстанда 2019-жыл "Активдүү инвестициялар жана социалдык өнүгүү жылы" деп аталат". Мындай маалыматты Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин парламентте сүйлөгөн сөзүнө шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Азырынча бул жарлыкты Өзбек бийлиги расмий тастыктап, жарыялай элек.

"Активдүү инвестициялык саясат өлкөнү өнүгүүгө, жогорку ийгиликке жеткирерин дүйнөлүк тажрыйба далилдеди. Албетте, инвестициялар өлкөдө жашаган ар бир адамдын жашоосун жакшыртууга сарпталат. Биздин максат - Өзбекстанда жашаган ар бир адамдын улутуна, тилине, динине карабай тынчтыкта жана бакубатчылыкта жашоосуна шарт түзүү. Алар өз жашоосуна ыраазы болушу зарыл", - деген Мирзийоев.

2018-жылды Мирзийоев "Активдүү ишкерликти, инновациялык идеяларды жана технологияны колдоп-кубаттоо жылы" деп жарыялаган.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.01.2019. 14:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
09-03-2018
Соӊку аракети:
06-01-2019 17:20
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде 2018 - жыл кошоматчылык жылы болуп калды. Эми 2019 - жыл деле Жээнбековтордун жылы болуп калды окшойт.
03.01.2019. 18:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1058
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
19-01-2019 12:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда 2019-жыл жаңы мыйзам боюнча айып пулду көп чогултуп сол чөнтөккө салмай жылы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
120965;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: