Пентагондун жаңы жетекчиси: "Кытай биздин көңүл борборубузда болушу шарт"

Патрик Шанахан"Кытай биздин көңүл борборубузда болушу шарт". Мындай пикирин АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан айтканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал кызматка киришкен биринчи күнүндө эле Пентагондун коллективине жыйын өткөргөн.

"Кытай Пентагондун көңүл борборунда болушу шарт. Аталган өлкө менен болчу мамилебиз приоритеттүү багыт", - деген Шанахан. Пентагондун жаңы жетекчиси АКШ Орусияга салыштырмалуу Кытайга көп көңүл бурарын кошумчалаган.

Пентагондун мурдагы жетекчиси Жеймс Мэттис 2018-жылдын декабрында кызматтан кеткен. 2019-жылдын 1-январында болсо Шанахан коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан