Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов 1975-жылы 3-январда Нарын облусуна караштуу Жумгал айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономика багыты боюнча бүтүргөн. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде юриспруденция тармагында кошумча жогорку билимге ээ болгон. 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын аспирантурасын "Атуулдук жана үй-бүлөлүк укук, кичи жече менчик ишканалар" багыты боюнча бүтүргөн. 2015-жылы Кыргыз техникалык университетинин энергокамсыздоо адистигине ээ болгон.
Эмгек ишмердигин 1996-1998-жылдары "Эмгекчил" акционердик коомунунда баштаган. 1999-2010-жылдары "Строй-Арсенал" жана "Эмгекчил" ишканаларынын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп эмгектенген. 2010-2013-жылдары "Чыгыш электр" акционердик коомунун башкы директору болуп иштеген. 2013-2015-жылдары коомдук иштер менен алек болгон. 2015-жылдан тарта Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат болгон. Учурда аталган фракциянын лидери.
Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.