Төрт күндүн ичинде мас абалдында унаа башкарган 15 айдоочу кармалганын ИИМдин басма сөз кызматынан 4-январда кабарлашты.
Маалым болгондой, алар Нарын, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын аймагынан кармалышкан. Унааны мас абалында айдаганы үчүн ар бирине 17 миң 500 сомдон айып пул салынып, жыйынтыгында бюджетке 262 миң 500 сом акча түшкөн.
Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 1-январда күчүнө кирип, мас абалында унаа айдагандарга айып пулдун көлөмү 17 миң 500 сомдон салынып баштаган. Алгачкы ирет мас абалында унаа башкарган адам 1-январда Ысык-Көл облусунан кармалып, 17 миң 500 сом төлөгөн.
Административдик кодекске ылайык, мындан ары:
* Техникалык мүчүлүштүктөрү бар, пайдаланууга уруксат берилбеген унааны айдагандарга 5 миң 500 сом;
* Милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн унааны айдагандарга 3 миң сом;
* Мотошлем жана коопсуздук курун тагынбай калктуу аймакта машина айдагандарга 1000 сомдон, ал эми ушул эле эреже калк жашабаган аймакта бузулса 3000 сом;
* Мас абалында унаа башкаргандарга 17 миң 500 сом;
* 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7 миң 500 сом;
* Айдоочунун мас экендигин аныктоого каршылык көрсөткөндөргө 5 миң 500 сом;
* "Тез жардам", өрт өчүрүүчү, куткаруучулардын унааларына жол бошотпогондорго 5 миң 500 сом;
* Мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 миң сом;
* Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандарга 5 миң 500 сом айып салынат.